Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-июлу № 3
Боз-Учук айыл аймагынан алынуучу жер салыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрынын №231 «Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳгү Мыйзамынын 3 беренесинин 3 пунктун жана Салык кодексин 339 беренесинин 4 бѳлүмүн иш жүзүнѳ ашыруу максатында жана жергиликтүү бюджетти кѳбѳйтүү үчүн Боз-учук айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1- январынан тартып Боз-Учук айыл аймагынын административдик аймагында тѳмѳнкү салык түрлѳрү киргизилсин:
-Айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-Мүлк салыгынын 1 чи; 2 чи; 3 чү; 4 чү тобу
2. Экономикалык-пландоо зоналарын жана зоналдык коэффиценти 1,2 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3. Мүлк салыгына жана жер салыгына Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде эсептѳѳлѳр жүргүзүлсүн.
4. Токтом мыйзам чегинде каттоодон ѳткѳрүлүп, юстиция башкармалыгына кѳчүрмѳсү жиберилсин.
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирет.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктѳлсүн.
Боз-Учук айылдык кеӊешинин төрайым |
Т. Н. Бактыбаева |
Боз-Учук айылдык кеӊешинин катчы |
З. Дюшембиева |