Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-январы № 8
Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн башчысы У.К.Турганбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 121 беренесинин 1,2 пунктарына ылайык Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ставкасынын өлчөмү юридикалык жактарга, ишканада иштеген адамдардын санынынын ар штаттык бирдигине жараша 100 (бир жүз) сомдон, жеке жактар үчүн ар бир үйдүн жашоочуларына жараша 20 (жыйырма) сомдон бекитилсин.
2. Бул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы В.Абдулдаевага тапшырылсын.
Күн-Чыгыш айылдык кеӊешинин төрагасы |
С. Баястанов |
Күн-Чыгыш айылдык кеӊешинин катчысы |
Т. Аламанов |