Загрузка документа…
ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 28
Тогуз-Булак айыл аймагында жер салыктарын жана 1.2.3 топторго кирген мүлктөрдү объектилерге мүлк салыгын жана зоналык мааанидеги коэфиценти Кз бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышынын камсыз кылуу үчүн, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүшүн көбөйтүү жана сактап калуу максатында Тогуз-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айыл аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап салыктын төмөндөгүдөй түрлөрү киргизилсин:
1) Айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгы; (СК негизинде)
2) Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы (СК негизинде)
- пайдаланып жаткан жерлерге Кз -1,2 коэфицент;
- пайдаланылбай жаткан жерлерге Кз -1,0 зоналык коэфицент киргизилсин;
3) Короо жай салыгы (СК негизинде);
4) Акыр-чикир чыгаруу жыйымы (СК негизинде);
- ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин, жеңилдиктер (льгота) пенсионерлерге берилсин.
5) Мүлктүн 1.2.3 топтогу объектилерине мүлк салыгы (СК негизинде);
- зоналык коэфиценти Кз -1,0 өлчөмүндө киргизилсин;
6) Мамлекеттик жана муниципалдык жерлердин, объектилердин ижара акылары;
2. Салык эсептерин коюунун тартиби:
- жер салыгы, мүлктүн 1.2.3 топтогу объектилерине мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актылардын реестерине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына катоого жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Бектурсуновго милдеттендирилсин.
Тогуз-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Джумабаев |