Редакцияот 13.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Күл айылдык кеңешинин /чакырылышынын/ 11-сессиясы

 

2013-жылдын 13-августу № 2

Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобун Административдик аймака киргизилиши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008-жылдагы № 231-мыйзамынын 3 беренесинин 3 пунктун аткарууүчүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн салык төлөмдөрүн түшүшүн көбөйтүү максатында Төрт-Күл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-январь 2014- жылдан баштан административдик аймакка төмөндөгү салыктар киргизилсин.

а) Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди, үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы объектер үчүн салыктары киргизилсин

б) Зоналдык коэффициента маанисин бекитүү төмөндөгүдөй бекитилсин:

Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлер ди жана үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн жана Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы объектер үчүн Зоналдык кофициент 1,0 менен бекитилсин айыл чарба багытында болбогон жерлел үчүн Зоналдык кофициент 1,2 менен бекитилсин

Салык эсептөө тартиби коюлсун.

Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодекеине ылайык каралсын.

2. Ушул Токтом каттоодон өтүп Ыссык Көл областынын Адилет башкармалыгына ченемдик укуктук актылары мамлекеттик катоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.

3. Токтом 1 январь 2014 жылы күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы К. Арапачиевке жүктөлсүн.

 

Төрт-Күл айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Анарбеков

 

Төрт-Күл айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

С. Досумбаева