Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 3
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобун административдик аймакка киргизилишли жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3 беренесинин 3 пунктун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн салык төлөмдөрүн түшүшүн көбөйтүү максатында Болот Мамбетов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап административдик аймакка төмөндөгү салыктар киргизилсин.
а) Айыл чарба жерлерин айыл чарба багытында болбогон жерлерди жана үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангындыгы үчүн жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1;2;3,4 тобундагы объектер үчүн салыктары киргизилсин.
б) зоналдык коэффициентин маанисин бекитүү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Айыл чарба жерлерин, үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангындыгы үчүн жана Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы обьектер үчүн Зоналдык коэфициент 1,0 менен бекитилсин. Айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн Зоналдык коэфициент 1,2 менен бекитилсин.
Салык эсептөө тартиби коюлсун.
Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык каралсын.
2. Бул токтом каттоодон өтүп Ысык-Көл областынын Адилет башкармалыгына ченемдик укуктук актылары" мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
3. Токтом 1-январь 2014 жылы күчүнө кирет
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Көөкөровго жүктөлсүн.
Болот Мамбетов айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Коңурбаев |