Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-ноябры № 4
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Карасаев айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Ж.Маразыковдун "Карасаев айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү" тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Карасаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карасаев айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:
-Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ;
-Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ;
-айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ;
2. Калктуу пункттардын экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициент төмөндөгүдей болуп бекитилсин:
-Айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандар үчүн 1,0 коэффициент;
-Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдалангандар үчүн 1,2 коэффициент;
3. Жер салыгынын, мулк салыгынын 1,2,3,4-топторунун эсептелиниши жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын;
4. Акыр-чикир чыгаруу жыйыны :
-Ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин;
5. Нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн каттоого токтом Ысык-Кел облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом юстиция башкармалыгы тарабынан катталгандан кийин 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирип айыл аймагынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонулууга киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык экономикалык өнүктүрүү, бюджетти пландоо, социалдык коргоо жана инвестиция тартуу боюнча
Карасаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Ш. Масылов |