Загрузка документа…
ЫССЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-августу № 5
Ысык-Көл айыл аймагында административдик аймактын Жер салыгын жана мүлк салыгынын мүлк объектисинин 1,2,3 группасын жана К3 аймактык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008- жылдагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун аткаруу үчүн Ысык-Көл айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн салык төлөмдөрүн түшүшүн көбөйтүү жана сактоо максатында
Ысык-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл айылдык аймагынын административдик аймагында төмөндөгү салык түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди, үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 тобундагы объекттер үчүн салыктары киргизилсин.
К3 өлчөмүндөгү аймактык коэффициентти коюуу өзгөчөлүгү:
- 1,2,3 тобундагы мүлк салыгына К3= 1,0.
- Айыл чарба багытында болбогон жер салыгына. Дүкөн, ларек, контейнер, МКБ, пилорама, пансионаттар ж.б. К3= 1,2.
- Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы К3= 1.
2. Салыкты эсептөө тартиби төмөндөгүдөй коюлсун:
- мүлк салыгынын 1,2,3 тобундагы объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык каралсын.
3. Бул токтом каттоодон өтүп жана Ысык-Көл областынын Адилет Башкармалыгына Мамлекеттик укуктук- ченемдик актылардын реестирине киргизүүгө жиберилсин.
4. Токтом 2014-жылдын 1-январында күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы киреше бөлүмүнүн башкы адиси Р.М.Имировага милдеттендирилсин.
Ыссык-Көл айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т.Ч. Турсуналиев |