Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры №26-19/7
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Т.Усупбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIX сессиясы, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндөгү Жобого 5-пунктуна төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: «берилсин» деген сөздөн кийин «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгиси деп жазылсын, калганы текст боюнча калсын.
2. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндөгү Жобого пункттарды кошумчалоо:
3.9 пунктуна «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын алууга “Бир талапкер” боюнча материалдар чакырылышта бир жолу гана каралат;
3.10 пунктуна «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерди көрсөтүү 1 январдан 1 сентябрга чейин гана кабыл алынат.
5 баптын, 1-пунктуна «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу тасмасы» деген сөздөрдөн кийин «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу” төш белгиси» жазылсын, калганы текс боюнча калсын;
5 баптын, 2-пунктуна “тасма” деген сөздөн кийин «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу” төш белгиси” деп жазылсын, калганы текс боюнча калсын;
3. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу” төш белгисинин” эскизин даярдоого конкурс жарыялансын,
4. Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматов 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткаруу жыйынтыгы боюнча, эркин калдыктын эсебинен 5 миң сом өлчөмүндө акча каражатын конкурс өткөрүү үчүн бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн
6. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
7. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | У.С.Турсунбаев |