Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры №26-19/5
Каракол шаарынын Элебаев атн.көчө тарабындагы жаңы конушту «Саякбай манасчы» деп атоо жөнүндө
№6 МАКӨБүнүн жетекчиси Р.Сагымбаевдин 27.06.2013-жылдаги кир.№01-7/10-18 катын карап жана талкуулап чыгып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элебаев атн.көчө тарабындагы жаңы конуш «Саякбай манасчы» деп аталсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттүн ичинде табличкаларга көчөлөрдүн аттарын жана үйлөрдүн катар номерлерин даярдап, таксын.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук акылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
6. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | У.С.Турсунбаев |