Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 – октябры № 16а
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобун администативдик аймакка киргизилиши жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3 беренесинин 3 пунктун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык төлөмдөрүн түшүшүн көбөйтүү максатында, депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап алминистративдик аймакка төмөндөгү салыктар киргизилсин.
- Айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытында болбогон жерлерди жана үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн.
- Мүлк салыгын 1,2,3,4 тобунда объектер.
- Зоналдык коэффициенттин маанисин бекитүү.
2. Салык эсептөө тартиби коюлсун.
- Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобунун объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык.
- Зоналдык коэффициент
- Айыл чарба жерлерин-1
- үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун -1
- айыл чарба багытында ьольогон жерлерди-1,2
3. Ушул токтом каттоодон өтүп Ысык-Көл областынын Адилет башкармалыгына ченемдик укуктук актылары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жиберилсин.
4. Токтом 1 январь 2014-жылы күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер Эшимов Бакытка жүктөлсүн.
Улахол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
Ч. Уморова |
Депутаттардын Улахол айылдык Кеңешинин катчысы: |
К. Урманбетов |