Редакцияот 06.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 6-февралы №26-20/9

Пристань-Пржевальск поселогунун макамын айыл деген

макамга өзгөртүүнү кабыл албоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Н.Касиевдин 21.10.2013-жылдагы чыг.№01-32/117 жана Пристань-Пржевальск поселкалык башкармалыгынын башчысы Т.У.Жаналиевдин 18.12.2013-жылдагы чыг.№02-/10-111 каттарын жана Пристань-Пржевальск поселогунун тургундарынын жыйынынын протоколдорун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын жана жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пристань-Пржевальск поселогунун жайгашкан жердин шарттарын, тактап айтканда, жер аянттарынын жоктугун эске алуу менен, анын макамын поселоктон айылга которуу ылайыксыз деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигине токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.

4. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.

5. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет

6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Каракол шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы

 

У.Турсунбаев