Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-февралы №26-20/10
Каракол шаарындагы «Кашка-Суу» кичирайонунан 5 кабаттуу 45 квартиралык
турак үй куруу үчүн Каракол шаарындагы «Азиздер жана дүлөйлөр коомуна»
жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын, ММБДнин башчысы М.Ш.Рыскелдиевдин 18.12.2013-жылдагы кир.№01-7/10-594 жана «Азиздер жана дүлөйлөр коомунун» мүчөлөрүнүн 25.12.2013-жылдагы кир.№01-9/346 каттарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы:
- «Азиздер жана дүлөйлөр коомунун» директору И.К.Супатаевден «Кашка-Суу» кичирайонунан 5 кабаттуу 45 квартиралык турак үй куруу үчүн баардык керектүү документтерди талап кылсын;
- тиешелүү документтердин баардыгы тапшырылгандан кийин, «Кашка-Суу» кичирайонунан 5 кабаттуу 45 квартиралык турак үй куруу үчүн суралган жер тилкеси макулдашуу баракчасына ылайык бөлүнүп берилсин;
- токтомго, турак үйдүн курулушу 5 жылдын ичинде башталбаса, берилген жер тилкеси кайрадан алынсын деп белгиленсин;
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
У.Турсунбаев |