Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 29-марты № 16
|
Түп айыл өкмөтүнүн аймагындагы жазгы, күзгү талаачылык жумуштарына
кызмат көрсөтүү акысын бекитүү.
Түп айыл өкмөтүнүн аймагындагы жазгы, күзгү талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө Түп айыл өкмөтүнүн жер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Калысов Жолдошбек маалыматы угулуп, айылдык жыйындын чечиминин негизинде Түп айылдык Кеңешинин XXIV – чакырылышынын IY - сессиясында талкууланып токтом кылат:
Түп айыл аймагындагы жазгы, күзгү талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Айдоо -700сом, 25 литр ДТ,ТЗ-20 литр солярка.
- Дискалоо – 250 сом, 7 литр солярка .
- Тырмоого – 200 сом, 8- литр солярка .
- Себүүгө – 300 сом, 8-10 литр солярка .
- Каткилоо – 250 сом, 7 литр солярка .
- Чөп чабуу –Германкага 600 сом, 7 литр солярка,
- Травянкага – 500 сом, 10 литр солярка.
- Ташууга – 1 рейсине 1 мешок буудай жэ арпа, күйүүчү май аралыкка жараша.
- Чөп престөө- 1 түккө 6 сом, 1 га жерге 10 литр солярка .
- Дискалоо – 250 сом, 8-10 литр солярка.
- Комбайн - 900 сом, 20 күйүүчү май.
2. Кызмат көрсөтүүнүн акысынын көлөмүн транспорт ээлерине кол койдуруп таныштыруу Түп а/о жер жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси К.Еренчиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Түп а/о башчысынын орун басары З.Кожомамбетовго тапшырылсын.
Түп айылдык Кеңештин төрагасы: | Иманбеков Б.Ж. |