Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 29-марты № 17
Жайлоого кошкон малдын жана баданын акысын, айдоо аянттарына кирген
малдын айып пулун чектөө
Түп айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайлоого кошкон малдын жана баданын акысын, айдоо аянттарына кирген малдын айып пулун чектөө маселеси айылдык жыйындын талкуусунун негизинде Түп айылдык Кеңешинин XXV1 – чакырылышынын IY - сессиясында талкууланып токтом кылат:
1. Жайлоого көчкөн малдын мал багуу акысы
-Бир баш койго - 40 сом, тузу, салыгы, жайыт акысы ичинде.
-Уйга,торпокко - 250 сом, тузу, салыгы, жайыт акысы ичинде.
-Жылкы - 300 сом, тузу, салыгы, жайыт акысы ичинде.
2. Айылда калган баданын акысы уй башына -150 сом .
3. Ветеринардык алдын-алуу иш-чаралардын кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй болсун;
1) Уйга:
- Сибирь жарасы – 20 сом (дары сайган акысы),
- Кара сан - 30 сом, (дарысы ичинде),
- Ящур - 20 сом (дары сайган акысы)
- Бруцеллёз - 30 сом (кан алуу)
- Пастереллёз - 30 сом. (дарысы ичинде).
2). Койго;
- Сибирь жарасы – 10 сом (дары сайган акысы),
- Бруцеллёз- - 10 сом (дары сайган акысы),
- Оспа - 10 сом (дары сайган акысы),
3).Жылкыга;
-Сибирь жарасы - 20 сом (дары сайган акысы),
- Бруцеллёз - 40 сом, (кан алуу),
- Трихомонноз - 25 сом (дары сайган акысы),
- Сап - 30 сом. (дары сайган акысы),
4. Жазында жайлоого мал 1-майга чейин аба ырайынын шартына жараша көчүрүлүп бүтсүн жана айылда саан уйлардан башка арабага кошкон 1 (бир )жумушчу ат, кашарларда 1(бир) саан уй, 1 (бир) жумушчу ат алып калууга уруксаат берилсин. Жайлоого көчүрүлбөй алып калган ар бир баш малга төмөндөгүдөй айып салынсын.
1). Жайлоого жибербей алып калган 1 кулундуу бээге жээ 10 койго биринчи жолу 1000(миң)сом,
2 жылкы жээ 20 койго 2000 (эки миң) сом,
3 жылкы жээ 30 койго 3000 (үч миң) сом,
4 жылкы жээ 40 койго 4000 (төрт миң) сом,
5 жылкы жана 50 койдон жогору 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
2). Айып салынгандан кийин малын жайлоого кетирбей, кайрадан акт жазылса, айыптын көлөмү
эки эсеге көбөйтүлүп, иши сотко өткөрүлсүн.
5. Түптүн ичинде бош жүргөн бодо малга;
1). Биринчи жолу – эскертүү.
2). Экинчи жолу - 500 сом бодо мал башына.
3). Үчүнчү жолу - 1500 сом бодо мал башына айып салынып, иши сотко өткөрүлсүн.
6.Айдалган эгин аянттарына, көп жылдык чөптөргө кирген малдарга, канаттуларга чыгым төлөмдөрү Түп айылдык Кеңешинин токтому менен төмөндөгүдөй айып салуулар чектелсин.
- Бодо малдарга - 1000 сом.
- Кой, эчки, музоого - 200 сом,
- Каз, өрдөк , тоокторго - 50 сом,
- Чочкого - 1000 сом,
- Араба, техникалар тебелегендиги үчүн - 500 сом,
- Айдалган эгин аянттарына, көп жылдык чөптөргө келтирилген зыян комиссия аркылуу такталып, акт түзүлүп чыгашасы аныкталсын. Биринчи жолу малы кирип кетсе эскертилсин , эскертүүдөн кийин биринчи жолку айыптан кийин кайра кайталанса айып 2 эсеге көбөйтүлсүн жана иш сотко өткөрүлсүн.
7. Күзүндө жайлоодон аба ырайынын шартына жараша 20-сентябрга чейин көчүп келүүгө уруксаат берилбесин, , уруксаатсыз эрте көчүп келген малчыларга 10000 (он миң) сомдон айып салынсын.
8. Түп айылдык округунун аймагында жайыт жерлер уруксаатсыз айдалып, айдоо аянтына айланган жерлер такталып, 1 гектар жерге 5000 сом айып салынсын.
9.Түп айылдык Кеңешинин сессиясынын токтому менен мал багып жайлоого чыгуучуларды кол койдуруп, тааныштыруу ишин алып баруу мал чарба бөлүмүнүн башкы адиси Т. Асанмолдоевге жана айыл өкмөтүнүн комиссия курамы, жайыт комитети кошулсун.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Түп айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Түп айылдык Кеңештин төрагасы: | Иманбеков Б.Ж. |