Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-январы № 7
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы ташылып жаткан көмүрдүн учетун алып, каттоо жөнүндө
Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы ташылып жаткан көмүрдүн учету алынсын жана каттоо жүргүзүлүп каттоо үчүн 2 адам дайындалсын.
2. Каттоочулардын эмгек акысы айыл өкмөтүндөгү вакантта турган штаттарынын эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык Кеңешинин Экология, курулуш, Өзгөчө кырдаалдар, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |