Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-январы № 9
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди ижарага берүү жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу боюнча аукциондук комиссия түзүү жөнүндө
Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-шайланган 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин өздөштүрүү, асылдандыруу туура пайдалануу максатында ижарага берүү үчүн жана айыл чарбасына жараксыз айылдын арасындагы, айылдан сырткары жерлерди сатуу үчүн төмөндөгүдөй аукционндук комиссия түзүлсүн:
1. Кунаев Шухрат. - Комиссиянын төрагасы,Салам-Алик айылдык Кеңешинин депутаты,
2. Кырабеков Абазбек. -Комиссиянын мүчөсү, Салам-Алик айылдык Кеңешинин депутаты.
3. Назарматов Сүйүнбек - Комиссиянын мүчөсү, Салам-Алик айылдык Кеңешинин депутаты.
4. Инашов Султанбек - Комиссиянын мүчөсү, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы.
5. Нышанбаев Дүйшөбай. -Комиссиянын катчысы, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
6. Бешимбаев.Айтбай. -Комиссиянын мүчөсү, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси.
7. Ар бир айылдын тиешелүү айыл башчылары - комиссиянын мүчөсү, айыл башчы.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |