Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-январы № 1
Чоң-Алай айылдык округунун 2013-жылга иш пландарын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин кезектеги (5-чакырылышындагы) II-сессиясы Чоң-Алай айыл округунун 2013-жылга түзүлгөн иш пландарын карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл округунун 2013-жылга түзүлгөн иш пландары жөнүндөгү айыл округ башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл округдун 2013-жылга түзүлгөн иш пландары дагы бир канча толуктоолор, өзгөртүүлөр менен кайрадан иштелип чыгуусу зарыл экендиги белгиленсин.
3. Айыл округдун 2013-жылга түзүлгөн иш пландарын, айыл округ башчысы Ж. Жапаров айыл округдун кызматкерлери менен бирдикте толуктап иштеп, кезектеги кийинки сессияга даярдап алып чыгуусу милдеттендирилисин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу «Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо депутаттык этика жана коомдук уюмдар» боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов |