Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-январы № 7
Чоң-Алай айылдык округунун 2012-жылда бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнн аткарылышы жөнүндө
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин кезектеги (5-чакырылышындагы) II-сессиясы Чоң-Алай айыл округунун 2012-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай округунун 2012-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша Бөлүктөрү жөнүндөгү билдирүү, чийки экендиги жана билдирүүнү айыл округдун финансы жана экономика бөлүмүнүн жетекчиси башкы бухгалтер А. Абдылдаев билдирүү жасаш керек экендиги белгиленип, эскертилсин.
2. Айыл округдун 2012-жылдагы аткарылган бюджети (киреше,чыгаша бөлүктөрү) жөнүндө так, даана маалымат кийинки кезектеги сессияга даярдалуусу башкы бухгалтер А.Абдылдаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн ар бир статясына чейин иликтеп иштеп чыгуу «бюджет жана экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов |