Загрузка документа…
АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 1/1
К. Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2012- жылдагы бюджетинин аткарылышы 2013-жылга бюджетинин жана 2014-2015-жылдардын бюджетинин долбоорунун бекитилиши жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 42266,5 сомго жана чыгаша бөлүгү 42266,5 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2013-жылга карата белгиленген бюджетинин долбоору депутаттардын айткан сунуштары, пикирлери менен киреше 38636,7 анын ичинен максаттуу грант 5048,4 миң сом жергиликтүү кирешелер 1644,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбоору 2014-жылга карата депутаттардын айткан сунуштары, пикирлери менен киреше жана чыгаша 38 636,7 анын ичинен максаттуу грант 31943,9 миң сом теңдөөчү грант 4998,5 миң сом, жергиликтүү кирешелер 1706,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин сом, ал эми 2015-жылга киреше жана чыгаша 38 022,5 сам анын ичинен максаттуу грант 31943,9 миң сом , теңдөөчү грант 5134,1 миң сом , жергиликтүү кирешелер 1881,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү түшкөн кирешелерден сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл Өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын. Кезектеги ремонт үчүн 130,5 жана 1-4 класска чейинки тамак аш 896,4 жана эл энергиясы жана көмүр үчүн каражат бюджеттин сметасына киргизилбегендиги белгиленсин.
5. Жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бир статьяга жылдыруу айыл Өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын.
6. Айыл Өкмөтүнүн керектөөсү үчүн толуктоочу гранттан 702,3 кем экендиги билдирилсин жана каржылоо жагы Финансы миңистрлигинен суралсын.
7. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2013-2014-2015-жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша пункттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл Өкмөттүн башкы эсепчиси Ж. Тажибаевге тапшырылсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |