Загрузка документа…
АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 1/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү
К. Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2013-2015-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун ишке ашыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн 2013-2015-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
2. 2013-2015-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык планды ишке ашыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтү төмөндөгүлөргө милдеттендирилсин :
3. Стратегиялык өнүгүү планынын негизинде 2013-2015-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын (анан ичиндн экономикалык божомол) иш-чараларын иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.М. Кайыровго жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева |