Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-февралы № 2/3
Гулчө айылынын тургуну Алиев Базарбайдын ГЭС участкасынан көрктөндүрүү үчүн жер сурап жазган арызы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектоочу адиси А. Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулчө айылынын тургуну Алиев Базарбайга ГЭС участкасынан 8(сегиз) жылдык мөөнөт менен 0,30 га таштак жайыттан көрктөндүрүү үчүн берилсин.
2. Тийиштүү документтерди тактап жана мамкаттоодон өткөрүп берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
З. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |