Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Ленин айылдык кеңеши V чакрылышынын кезектеги III заседаниеси
2013-жылдын 20-февралы № 3/2
Ленин айылдык округунун 2012-жылдын бюджетинин аткарьшышы, 2013-жылдын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ленин айылдык округунун 2012-жылдын бюджетинин аткарьшышы ,2013-жылдын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Сарыбаевдин билдирүүсүн жана Ленин айылдык округунун башчысы Ж.Исираиловдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округунун бюджетинин 2012-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 27990,8 миң сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 29502,2 миң сомго киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 29608,5 миң сомго, чыгашалар боюнча 22419,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ленин айылдык округунун бюджета 2013-жылга киреше бөлүгү, таблица № 7 ге карата, чыгаша бөлүгү, таблица № 9 да көрсөтүлгөн суммада 28187,6 сомго бекитилсин. Анын ичинен максаттуу грант 22932,4 миң сомго долуктоочу грант- 3989,2 миң сомго, өздүк киреше 1266,0 миң сом болгондугу белгиленсин.
3. Ленин айылдык округу боюнча атайын каражаттын киреше бөлүгү таблица № 7 ге ылайык, чыгаша бөлүгү таблица № 9 да көрсөтүлгөндой 180,0 миң сомго бекитилсин.
4. Ленин айылдык округунун бюджетинин 2013-2014-жылдарга киреше жана чыгаша болукторунун божомол планы таблица №8 де көрсөтүлгөн суммада бекитилип, жетишпеген акча каражатына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү менен кабыл алынсын.
5. Мектептердин ремонтуна, 1-4-класстардын тамак-ашына жана элекгр энергияга, көмүргө керектелүүчү акча каражаты Республикалык бюджеттен өткөрүп берүүчү каражаттар аркылуу берилгендигинин негизинде сметада каралбагандыгы белгиленсин.
6. Жергиликтуу жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу бардык мектептин, балдар бакчалардын жана маданий мекемелердин жетекчилеринен талап кылынсын жана аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы Ж.Исираиловко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |