Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 15/1
Кабылан-Көл айылдык округунун 2012-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2012-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планынын бекитүү. 2013-2015 - жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык округунун 2012-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2013-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планды бекитүү, 2014-2015 - жылдарга болжолдуу социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угул жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айылдык округунун 2012-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.
2. Кабылан-Көл айыл округунун 2013-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
3. Кабылан-Көл айыл округунун 2013-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айылдык округунун аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Кабылан-Көл айыл округунун 2014-2015 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кабылан-Көл айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ш. Акаев |