Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 15/2
Кабылан-Көл айылдык округунун 2012 - жылдын бюджетинин аткарылышы, 2013-жылдын бюджетин жана 2014-2015- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан–Көл айылдык округунун 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2013-жылдын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айылдык округунун билдирүүсүн угуп Кабылан - Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан - Көл айылдык Кеңешинин 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 11379,7 миң сомго чыгаша бөлүгү 11280,7 миң сомго башкача айтканда 99.1 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 10878,4 миң сомго белгиленсин. Анын ичинен максаттуу грантка 8178,6 миң сом, толуктоочу грант 2143.5 миң сом өздүк кирешелер 556,3 миң сомго белгиленсин. Түзүлгөн тарификациялардын негизинде эсептегенде максаттуу грантка акча каражаты жетиштүү экендиги белгиленсин.
3. 2013- жылдын бюджетинин долбоору 10 878.4 миң сомго, анын ичинен: максаттуу грант 8178. 6 миң сом, толуктоочу грант 2143.5 миң сом, өздүк киреше 556,3 миң сомго, 2014 - жылдын долбоору 10878,4 миң сомго анын ичинен: максаттуу грант 8178.6 миң сом . толуктоочу грант 2143,5 миң сом, өздүк киреше 556.3 миң сомго белгиленсин.
4. 2013-жылдын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тиркемелердеги эсептерге ылайык аныкталсын.
5. Айылдык округдун ичинде, акча каражаты жетишпеген кээ бир статьяларга, башка статьялардан которуп жумшоо жана пландан ашыкча аткарылган акча каражатын муктаж болгон статьяларга бөлүп берүү айылдык Кеңештин бюджеттик экономикалык туруктуу комиссиясынын макулдугу менен айылдык Кеңештин чечимиңин негизинде уруксат берилсин.
6. Айылдык кеңештин 2013-жылдагы бюджетинин сметасынын кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн ар бир статьясынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комимиссиясына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ш. Акаев |