Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы №16/2
Конур-Дөбө айылдык округунун 2011-2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2013-2014-2015-жылдагы бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Конур-Дөбө айылдык округунун 2011-2012-жылдагы бюджетинин аткарылышын, 2013-жылдагы бюджетти жана 2014-2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндөгу маселени угуп
Конур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конур-Дөбө айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 12833,6 миң сом чыгаша бөлүгү 12595,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2012-жылдын Конур-Дөбө айылдык округунун бюджетинин киреше бөлүгү 17416,8 миң сомго чыгаша бөлүгү 16868,4 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Конур-Дөбө айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 16898,9 миң сом жана чыгаша бөлүгү 16898,9 миң сом олчомундо болунуп берилген сумма бекитилсин. (маалымат тиркелет) врав.гранттан 315,8 миң сом жетишпегендиги белгиленсин жана бул сумманы кошумча болуп берүү жагы каржы министрлигинен суралсын.(маалымат тиркелет)
4. Конур-Дөбө айылдык округун жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнун долбоору 2014-жылга 17377,9 миң сомго анын ичинен КГ 12956,2 миң сомго, ВГ 3455,3 миң сом, өздүк киреше 966,4 миң сомго.2015-жылга 17403,9 сомго ,анын ичинен КГ 12956,2,ВГ 3455,3, өздүк киреше 992,4 миң сомго бекитилсин.
5. 2013-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнун пландан ашыкча аткарылышынын эсебинен өзгөртүү киргизүү Конур-Дөбө айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына уруксат берилсин жана айыл өкмөтүнүн берген сунуштарынын негизинде айылдык Кенештин сессиясында каралып турулсун.
6. 2013-жылдагы сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүн ар бир статьясына карата максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы С.Батыралиевге милдеттендирилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүн ар бир статьясына карата максаттуу каржылоону көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Бегматов |