Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-марты №17/5
Айыл өкмөтүнүн калкынын арасында кургак учук оорусун азайтуу чараларын көрүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы эмканалардын маалыматтарынын негизинде бүгүнкү күндө 14 атуул кургак учук менен орушат, жылдан-жылга бул ооруу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Гүлчө, Коңур-Дөбө дарыясынын жээгиндеги токойдо жайгашкан кургак учук ооруканасын башка жакка көчүрүү максатында
Конур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн калкынын арасында кургак учук оорусунун көбөйүп кетүүсүнө себепкер, биздин өкмөттүн аймагында жайгашкан кургак учук ооруканасы экендиги белгиленсин.
2. Ушул оорукананы башка жакка жайгаштыруу жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык-маданий иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Бегматов |