Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-февралы № 2/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2011-2012-жылда бюджеттин аткарылышы жана 2013 - жылга бюджетти бекитүү, 2014-2015-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 871,9 сомго, чыгаша бөлүгү 26231.0 сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2012-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 871,9 сомго жана чыгаша бөлүгү 26231, 0 сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. 2013-жылга Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 1130,6 сомго жана чыгаша бөлүгү 23981,7 сомго бекитилсин.
4. 2014-жылга болжолдуу бюджет 23981,9 сомго 2015-жылга 23981,9 сомго бекитилсин.
5. Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу , отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы, мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж. Омурзаковго милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |