Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-февралы № 2/5-1
Жошолу айыл өкмөтүндө жугуштуу деп эсептелген кутурма жана эхинококкоз оорусунун таралып кетишине жол бербөө жана алдын алуу максатында
Жошолу айыл өкмөтүнүн кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындатез тарап кетүүчү жугуштуу деп эсептелген кутурма жана эхинококкөз оорусуна каршы ветеринардык жобого ылайык ит мышыктарга өз учурунда эмдөө жүргүзүп туруу зарыл экендиги белгиленсин.
Бул коркунучтуу жугуштуу ооруга ит мышыктарды өз учурунда эмдетип туруу ар бир жарандын милдети экендиги тийиштүү адамдар аркылуу тушундуруу иштери жүргүзүлүп, жогорудагы көрсөтүлгөн эмдетүүдөн баш тарткан жарандарга мыйзамдуу чаралар корулсун.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн вет адистерине айыл башчыларга, тийиштүү адистерге милдеттендирилсин. Ал эми көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |