Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18 февралы №3/5
(«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Жаны-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын 5/3 сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында)
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Жаны-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын 5/3 сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин :
- 2013-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү
Ири муйуздуу мал - бир баш үчүн 80 сом
Кой-эчкилер - бир баш үчүн 20 сом
Жылкылар - бир баш үчүн 80 сом кирешелер жана чыгашалар сметасы ( 1-тиркеме)
3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу - өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү обьектилери өткөрүп берилсин. (2-тиркеме)
5. Бул токтмом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
З. Эрматов |