КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин бешинчи сессиясы (бешинчи шайланган)
2013-жылдын 28 февралы №V-5
Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылдагы аткарган иштери жана 2013-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата жайыт комитетинин төрагасы К. Самиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата жайыт комитетинин төрагасынын 2012-жылдагы аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз-Ата жайыт комитетинин 2013-жылга түзгөн иш -планы жана бюджета сунуштар жана толуктоолор менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кецештин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, Өзгөчө Кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз – Ата айылдык округдук кеңешинин төрагасынын орун басары |
К. Назарбаев |