Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №91
Ош шаардык электроэнергия сатуу мекемесинин шаардын калкына көрсөткөн тейлөөнүн сапаты жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдөрдү жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013- жылга бекитилген иш -планына ылайык Ош шаардык электроэнергия сатуу мекемесинин шаардын калкына көрсөткөн тейлөөнүн сапаты жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдөрдү жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү жогоруда аталган мекеменин жетекчиси А.Ташполотовдун отчетун, Ош шаарынын вице-мэри И.Ражаповдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 18-мартындагы отурумунун №3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык электроэнергия сатуу мекемесинин шаардын калкына көрсөткөн тейлөөнүн сапаты жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдөрдү жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. 0ш шаардык электрэнергиясын сатуу мекемесине (А.Ташполотов)
- шаар калкын тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, арыз-даттануулар менен кайрылган жарандарга сылык мамиле жасоо, дебитордук карыздарды жоюу багытында такай иш алып баруу, жоготууларды азайтуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;
- шаардын калкына электр энергиясына болгон төлөмдөр үчүн берилүүчү эсеп-дүмүрчөктөрдү ар айдын башында таратуу маселесин карап көрүү;
- массалык маалымдоо каражаттары аркылуу калктын кальщ катмарына электрэнергиясына кайра туташуунун эрежелерин түшүндүрүү боюнча маалымат берип туруу;
- «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасын дебитордук карыздарын жоюу боюнча Кыргыз Pecпубликасынын Өкмөтүнө кат жөнөтүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова ) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардынОш шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук- энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |