Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №92
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын Ош областтык атайын монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгынын (СМЭУ ГАИ МВД КР) жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жол белгилерин коюу жана аларды жаңылоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын Ош областтык атайын монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгынын (СМЭУ ГАИ МВД КР) башчысы Б.Эргешовдун жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жол белгилерин коюу жана аларды жаңылоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жьглдын 31-январындагы №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын Ош областтык атайын монтаждоо-эксплуатациялоо " башкармалыгынын (СМЭУ ГАИ МВД КР) башчысы Б.Эргешовдун жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жол белгилерин коюу жана аларды жаңылоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын Ош областык атайын монтаждоо-эксплуатациялоо (СМЭУ ГАИ МВД КР) башкармалыгына (Б.Эргешов) Ош шаардык ички иштер башкармалынынын жол кайгуул кызмат бөлүмү (Ш.Шакиров) менен биргеликте:
- шаардын ичиндеги көчөлөргө керектүү атайын шарттуу жол белгилерин коюуну камсыздоо;
- Аскар Шакиров жана Абакир уулу Төрөбек атындагы көчөлөргө жол чырактарын орнотуу;
- жөө адамдар өтүүчү жол тилкесиндеги белгилерди (зебра) талапка ылайык, сапаттуу жасоо;
- шаардагы мектептер жана окуу жайлар жайгашкан көчөлөргө доочулар учун ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерди орнотуу;
- шаар ичиндеги көчөлөргө коюлуучу шарттуу белгилерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде сапаттуу коюлушун камсыздоо жана жаңылоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |