Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №93
Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин төрагасы С.Ташбаевдин Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын терайымы Н.Сабированын жана Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин төрагасы С.Ташбаевдин Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетине (С.Ташбаев):
- Ош шаарына инвестиция тартуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү;
- шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда инвесторлор менен шаардын ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу;
- инвестиция тартуу боюнча аткарьшып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды ар квартал сайын депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергилишүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы жономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына берип туруу милдеттендирилсин;
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |