Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №94
Шаардагы пенсионерлерге жана аз камсыз болгон жарандарга пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык пенсияларды өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тврайымы Г.Б.Эсенбаеванын, Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчвгсы А.Абдуллаевдин, «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош почта филиалынын директору Т.Залимбековдун жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Сулуевдин шаардагы пенсионерлерге жана аз камсыз болгон жарандарга пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык пенсияларды өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кецешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тврайымы Г.Б.Эсенбаеванын, шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы А.Абдуллаевдин, «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош почта филиалынын директору Т.Залимбековдун жана Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Ш.Сулуевдин шаардагы пенсионерлерге жана аз камсыз болгон жарандарга пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык пенсияларды өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгына (А.Абдуллаев), Мамлекеттик «Кыргыз почтасы» ишканасынын Ош почта филиалына Т.Залимбеков) жана Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына (А.Сулуев) пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык пенсияларды кечиктирбестен өз убагында төлөп туруу боюнча иш-чараларды камсыздоо милдеттендирилсин.
3. Социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгына (А.Абдуллаев) жергиликтүү массалык маалымат каражаттары, мекеме ишканаларда жамааттар менен жолугушууларды өткөрүү аркылуу пенсия жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана пенсиялар үчүн акча которууда биринчи кезекте «Кыргыз почтасы» ишкансынын Ош филиалын акча менен камсыздоо милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик «Кыргыз почтасы» ишканасынын Ош почта филиалына (Т.Залимбеков) пенсионерлерге гезиттерди сатууга тыюу салынсын, ошондой эле гезиттерди сатып жана пенсионерлердин пенсиясынан кармап калып жаткан почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине кескин чараларды көрүү милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркьшуу (А.Сулуев) жергиликтүү бюджеттин эсебинен аз камсыз болгон жарандарга материалдык жардам көрсөтүүдө тиешелүү документтер талап кьшынбастан, тартип бузууларга жол коюлуп жаткандыгы белгиленсин жана аларды жоюу боюнча башкармалык тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, жыйынтыгы депутаттардын Ош шаардык Кеңешине билдирилсин.
6. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) аз камсыз болгон жарандарга материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо иштеп чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын.
7. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кенешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |