Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №95
Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында жазгы талаа иштеринин жүрүшү, дыйкандарды урук, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майлар, жеңилдетилген насыялар, ичүүгө таза суу менен камсыздоо жана жаратылыш газ түтүкчөлөрүн коюуга, жолдорду оңдоого Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланган маселелер боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планына ылайык Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында жазгы талаа иштеринин жүрүшү, дыйкандарды урук, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майлар, жеңилдетилген насыялар, ичүүгө таза суу менен камсыздоо жана жаратылыш газ түтүкчөлөрүн коюуга, жолдорду оңдоого Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланган маселелер боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаарынын Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын башчысынын отчетун угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун № 16-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жазгы талаа иштеринин жүрүшү, дыйкандарды урук, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майлар, жеңилдетилген насыялар, ичүүгө таза суу менен камсыздоо жөнүндө Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын калкын жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин кайрадан карап чыгып, кийинки сессиянын кароосуна киргизүү жагы сунушталсын.
З. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Жапалак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүкчөлөрүн орнотууну 2013-жыл ичинде бүтүрүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |