Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №97
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 14-мартындагы №7-токтомун, Ьшондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кенешинин кезектеги сессиясы' г
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы отурумунун №7-токтомунун негизинде 150,0 миң сом акча каражатын «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасына караштуу «Мады» суу станциясынын аймагын тосмо менен тосуу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2013-жылдагы титулдук баракчасында жергиликтүү бюджеттен үлүш түрүндө кошумча каржылоого (соофинансирования) каралган акча каражатынын эсебинен 200,0 мин сом акча каражатын Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын имаратын ремонттон өткөрүү үчүн бөлүп берүүсү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |