Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №98
Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи шаарчасындагы жаны курулган аллеяга ат коюу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №82/08-6 катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин (көчөлөрдүн) аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №1-протоколун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №17-токтомунун негизинде, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган, эмгек жолун 1962-жылы Оштогу облветеринардык лабороторияда ветврач болуу менен баштаган, андан сон Кара-Суу районундагы Катта-Талдык асыл тукум мал өстүрүүчү чарбада башкы ветврач болуп иштеген, 1968-жылдан баштап,' Ош областык телерадио бөлүмүндө улук редактор, башкы редактор болуп эмгектенген, 1969-1971-жылдары Москвадагы Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун эки жылдык курсунда угуучу болгон, 1974-жылдан баштап, Мамлекеттик Киноматографисттер союзунда жооптуу катчы, Мамлекеттик кино тармагында башкы редактор болуп эмгектенген, 1980-жылдан «Кыргызстан маданияты» газетасында бөлүм башчы, 1983-жылдан тартып Кыргызстан жазуучулар союзунда катчы, төраганын орун басары болуп иштеген, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын жана Кырызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси акын, жазуучу, маркум Жолон Мамытовдун элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи шаарчасындагы жаны курулган аллея мындан ары «Чыгармачыл адамдардын Жолон Мамытов атындагы аллеясы» деп аталсын.
2. Аллеянын аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Чыгармачыл адамдардын Жолон Мамытов атындагы аллеясындагы» көрнөк^ такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалы маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
6. Токтом кол коюулган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |