Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №99
Ош шаарындагы «Набережный» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №82/08-6 катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин (көчөлөрдүн) аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №1-протоколун жана депутаттардын Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №17-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып 1961-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтун бүтүрүп, эмгек жолун Нариман участкалык ооруканасында дарыгер-терапевт болуп баштаган, 1962-1999-жылдар аралыгында Ош шаарынын кургак учукка каршы диспансерине башкы дарыгер, Ош шаарынын кургак учукка каршы балдар санаторийинин башкы дарыгери, бүткүл союздук Жалал-Абад курортунун башкы дарыгери, Ош облустук ВТЭКтин башчысы, Мамакеев атындагы санаторийдин башкы дарыгери болуп иштеген Л 999-жылы пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин Ош областтык балдардын кургак учукка каршы ооруканасында эмгектенген, саламаттыкты сактоо тармагында сиңирген эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен эн биринчилерден болуп, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери аттуу наамга ээ болгон, СССРдин саламаттыкты сактоо боюнча мыктысы, «Кыргыз Республикасынын персоналдык пенсионери», маркум^ Алпаиз Калматовдун элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык' Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын «Набережный» көчөсүнүн В.И.Ленин көчөсүнөн Ю.Төлөнов көчөсүнө чейинки аралыгынын аты өзгөртүлүп, мындан ары «Алпаиз Калматов» атындагы кече деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. Алпаиз Калматов атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды шштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошов), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кенсесине (Р.Зулпукарова) «Алпаиз Калматов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |