Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №100
Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичи шаарчасынын №13-көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №82/08-6 катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин (көчөлөрдүн) аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №1-протоколун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №17-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Алай районунун Жошолу айылында туулган, эмгек жолун 1976-жылдан Бишкек шаарынын «Спартак» стадионунда энергетик болуу менен баштаган, андан сон 1979-1985-жылдары Ош РЭТинин участкалык мастери болуп эмгектенген, 1991-2006-жылдар аралыгында Ош РЭТинин башкы инж'енери, Ош РЭТинин башчысы, Кызыл-Кыя РЭТинин башчысы, Кара-Суу РЭТинин башчысы, Кадамжай РЭТинин башчысы болуп иштеген, 2007-2009-жылдары Ош шаарынын жүргүнчүлөр транспорттук Агентствосунун директору болуп иштеген, 1999-2007-жылдар ортосунда Ош шаардык Кеңешинин эки жолку депутаты, Жошолу айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу болгон, 2000-жылы «Ош-3000» юбилейлик медалы менен сыйланган жана бир канча областтык, шаардык, райондук ардак грамоталардын ээси, 2009-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КР ИИМинин атайын-монтаждоо эксплуатациялоо башкармасынын башчысы болуп иштеген, маркум Камчыбек Чымыновдун элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи шаарчасынын №13-көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «№13-Камчыбек Чымынов» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «№13 -Камчыбек Чымыпов» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошов), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Р.Зулпукарова) «№13-Камчыбек Чымынов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |