Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №101
Ош шаарынын Арек айылындагы Аттокуров көчөсүнөн Кайырма каналына чейинки көчөгө ат коюу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №82/08-6 катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин (көчөлөрдүн) аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №1-протоколун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №17-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, 1933-жылы Кара-Суу районунун Арек айылында туулган, эмгек жолун ошол учурдагы Кеңеш совхозунда айдоочу болуп баштаган. Аталган совхоздо айдоочу, техник-механик, чарба башчысы болуп эмгектенип, 1981-жылы Кеңеш совхозунун №3-бөлүмүнүн №4-бригадасында бригадир болуп дайындалган, бул кызматта 1993-жылга чейин үзүрлүү эмгектенип, жашы жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан, эки ирет жергиликтүү Кеңештин депутаты болгон, маркум Камил Эргешовдун элесин урматтап депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Арек айылындагы К.Аттокуров көчөсүнөн Кайырма каналына чейинки жаны чектин күн чыгыш тарабындагы көчөсү мындан ары «Камил Эргешов» атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) милдеттендирилсин.
3. «Камил Эргешов» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошов), шаардык жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Р.Зулпукарова) «Камил Эргешов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |