Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №102
Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы «Жибекчи» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №82/08-6 катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин (көчөлөрдүн) аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №1-протоколун жана депутаттардын Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №17-токтомунун .негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн г депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, эмгек жолун Алай районундагы «Жаншоро» кыштагында мугалим болуп иштөө менен баштаган, 1940-1942-жылдары Кара-Суу районуна караштуу «Бирлешкен» мектебинде эмгектенген, 1942-жылдын ноябрь айында Улуу Ата мекендик согушка жөнөп, согуш учурунда немецтик-фашисттик баскынчылар менен болгон салгылашуулардын биринде жарадар болуп, тылга кайтып келгенден кийин 1945-жылдан 1980-жылга чейин мурдагы «Пятилетка», азыркы Г.Айтиев атындагы орто мектепте, Кара-Суу районундагы XVIII партсъезд атындагы орто мектепте, С.Алыкулов атындагы мектепте директор болуп иштеген, КРдин билим берүү тармагындагы кеп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 1956-жылы СССР Жогорку Советинин Указы менен «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, 1960-жылы КРдин «Эл агартуусунун мыктысы» төш белгиси, Кыргызстан Компартиясынын Ош областтык комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейинин урматына арналган социалисттик мелдеште атайын жолдомо менен сыйланып, 1970-жьшы В.И.Ленин жашаган жана иштеген жерлерде болгон, Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери үчүн биринчи даражадагы орден жана 12 медалдын ээси, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, пенсионер, маркум Кудайберди Мамытовдун элесин урматтап депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы «Жибекчи» көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары «Кудайберди Мамытов» атындагы көчө деп аталсын.
2. көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) лдеттендирилсин.
3.«Кудайберди Мамытов» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошов), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бащкармалыгына (А.Калмаматов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Р.Зулпукарова) «Кудайберди Мамытов» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. 2013-жылдын 31-декабрына чейин Ош шаарынын аймагындагы географиялык объектилердин аталыштарын өзгөртүүгө, кайра атоого мараторий жарыялансын.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |