Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-январы № 2/1
Корул айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Корул айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кенештердин депутатарын шайлоо жөнүндө», жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана долбоорлоруна каршы келбегендей Корул айылдык кеңешинин регламентин толук талкуулоонун негизинде Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын регламенти өзгөртүү, толуктоолор менен кабыл алынсын (регламент тиркелет).
2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы С.Жээмуратовага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Корул айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |