Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 февралы № 3/2
Корул айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2014-2015-жылдарга бюджеттинин долбоорунун божомол пландарын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Корул айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын такталган бюджетинин киреше бөлүгү 25870,7 мин сомго, чыгаша бөлүгү 25380,2 миң осмго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. 2013-жылга Корул айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүн эске алуу менен 23147,2 миң сомго бекитилсин, анын ичинен максаттуу грант 18238,7 мин сом, толуктоочу грант 3767,4 мин сом, өздүк киреше 1141,1 миң сом.
4. 2014-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 23147,2 миң сомго каралсын, анын ичинен максаттуу грант 19376,6 миң сом, толуктоочу грант 3763,9 миң сом, өздүк киреше 1122,1 миң сом.
5. 2015-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 23230,4 миң сомго каралсын, анын ичинен максаттуу грант 19376,6 мин сом, толуктоочу грант 3768,9 мин сом, өздүк киреше 1137,2 миң сом.
6. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык Кеңештин токтому менен жүргүзүлсүн.
7. Корул айыл өкмөтүнүн 2013-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүн ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш болушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн убактылуу ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |