Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 февралы № 3/3
2011-2012-жылдарда тартылган инвестициялардын максаттуу пайдаланылышы (Арис, Агахан, Мерсико, Түрткү берүүчү грант ж.б.) айыл өкмөтүнө кабыл алынып кириштелиши жана 2013-2015-жылга тартыла турган инвестициялардын божомол пландарын аныктоо
Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бекташовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндө 2011-2012-жылдарда тартылган инвестициялардын максаттуу пайдаланылышы (Арис, Агахан, Мерсико, Түрткү берүүчү грант ж.б.) боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бекташов тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2011-2013-жылдарга тартылган инвестицияларды; Аристен 250 миң сомдук, Агахандан 800 миң сомдук, Мерсикодон 85 миң сомдук, Түрткү берүүчү гранттан 20 млн. 843 миң сомдук иш аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2013-2015-жылга тартыла турган инвестициялардын божомол пландарын аткаруу жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |