Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 февралы № 3/5
Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жыл үчүн малга байланган жайыт акы боюнча
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жыл үчүн малга байланган жайыт акы
бир баш кой-эчкиге 12 сомго,
бир баш бодо малга 40 сомго,
бир баш жылкыга 40 сомго,
айыл өкмөтүндө 3642 баш кой-эчкиге 76104 сом,
1371 баш бодо малга 52680 сом,
940 баш жылкыга 37600 сом,
жалпы жыйынтыгы 166384 сомго бир жылга бекитилсин.
2. Жогоруда малга байланган жайыт акыны өндүрүү жана өндүрүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |