Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 февралы № 3/6
Корул айылдык Кеңешинин депутаттарынын депутаттык мандаттарын, ыйгарым укуктарын токтотуу жана таануу жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Маназаровдун билдирүүсүн угуп,
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин №139 жети мандаттуу Тогуз-Булак шайлоо округунан Ташкулов Илияз Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыктан, андан кийинки добуш алган жети мандаттуу Тогуз-Булак шайлоо округунан Жакыпов Бакытбек Маматкадыровичке депутаттык мандат берилсин.
2. Жети мандаттуу №139 Тогуз-Булак шайлоо округунан Жакыпов Бакытбек Маматкадыровичке депутаттык мандат берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |