Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26 марты №4/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Маматумаров Жумаалынын билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канаааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 «2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» токтомун Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 3-августундагы № 43 токтому жетекчиликке жана аткарууга алуу, калкты социалдык жактан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу, камкордуксуз балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Жарандардын жалпыга бирдей милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө мыйзамынын негизинде райондук чакырууга жарандарды өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу жагы ВУС кызматкерлери А.Маматовго, Т.Тайгараевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Маматумаровго тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |