Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26 марты №4/2
Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Маматумаров Жумаалынын билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел каптоонун, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар күчөтүлсүн, жер көчкү коркунучу бар участокторго жооптуу кызмкаткерлер бекитилип, эл арасында түшүндүрүү иштери айыл башчылар тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Жер көчкү коркунучу бар тоо беттерине айыл чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынсын жана тийиштүү белгилер коюлсун. ӨКМдин мониторинг департаментинин негизинде жер көчкү, жер титирөөдөн коркунучу бар жарандарды коопсуз жайга көчүрүү жагы жер, турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Ысаковдун жоопкерчилиги экендиги белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бекташовго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |