Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26 марты №4/3
Корул айыл өкмөтүндө 2013-жылга айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндө 2013-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча иш-чараларына мектептер, ФАПтар, китепканалар, балдар бакчасы жашылдандыруу боюнча массалык иштерди уюштурушсун.
3. Бак-дарактарды олтургузуу зарыл көлөмдө жана жогорку сорттуу ассортименттеги көчөттөр менен камсыздоо жагы, жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча башкы адис Шарипов Эркинбайга жүктөлсүн.
4. Айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча айылдар арасында кароо-сынактын жүрүшүнө даярдык көрүү жагы, айыл өкмөтүндө уюшулган комиссиянын курамына тапшырылсын жана 2013-жылдын 1-июнуна карата үлгүлүү айыл, үлгүлүү көчө боюнча жыйынтыгы чыгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бекташовго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |