Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26 марты №4/4
Корул айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ташкулов Илияздын билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.05.2012-жылдагы №323 тоткомунун негизинде айыл өкмөтүнүн штаттык жалпы саны 18 кызмат оруну, анын ичинен жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис ордуна 0,5 ставка ветеринардык кызматкер, 0,5 ставка айыл өкмөтүнүн башчысын ташууга шофер кызматы жана үч айыл башчысы кызматы киргизилип бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун өз жоопкерчилигине милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |